Качан?
2019 жылы,
27-28 АПРЕЛде
Кайда?
Бишкекте,
Асанбай борборунда
Катышуучулар
300 киши
Баямандачылар
Медиа боюнча 12 кесипкөйлөрү
Эл аралык жана жергиликтүү медиаэксперттеринин катышуусу менен
Экинчи Индустриалдык Форуму

27-28-апрелде Кыргызстандын медиажамааты “Медиа топтоо - 2019” Индустриалдык форумдун алкагында дүйнөлүк жана жергиликтүү тармактык тренддерин талкулоо үчүн Бишкектеги Асанбай-борборунда экинчи жолу чогулат.

“Топтоо” – бул сөз чогултууну, чогулууну туюнтат. “Медиа топтоо” форумубуз – бул Кыргызстанда сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап медианы өнүктүрүүнү каалаган тилектештердин жыйыны.

“Медиа топтоо” – өлкөнүн медиатармагындагы эң зор окуя. Буга катышуучулардын чоң кызыгуусу, форумга катыша турган жергиликтүү жана эл аралык спикерлер менен коноктордун саны жакшы далил боло алат. Форум биринчи жолу 2018-жылдын апрелинде өткөрүлгөн болчу. Ага 300гө жакын адам катышкан. Быйыл Кыргызстандан жана ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн былтыркыдан да көбүрөк конок күтүлүүдө.

“Медиа топтоо” Кыргызстандын медиа тармагынын өнүгүүсүнө түрткү берет, аны өткөрүү – Интерньюстун башкы максаттарынын бири болуп саналат.

  • Темалар: санарип медиа жана телеберүү жаатындагы тренддер, максаттуу аудиторияны түшүнүп-билүү, заманбап медиаколдонуу, пиплметриянын маалыматтары менен иш алып баруу, сапаттуу контентти жаратуу, коомдук тармактар жана онлайн-видео, жарнама жана ЖМКлардын каражаттары.

  • Катышуучулар: ЖМКлардын кызматкерлери, медиаменеджерлер, SMM- жана PR-адистери, медиауюмдар, маркетинг жана жарнама тармактарынын өкүлдөрү.

  • Форматтар: презентациялар, мастер-класстар жана панелдик талкуулар, техникалык көргөзмө.

  • Форумдун негизги баяндамачылары: Анна Качкаева, Елена Афанасьева, Синан Эркингез, Артем Платов, Наира Давлашян, Адилет Бектурсунов, Виктория Борщенко, Азим Азимов, Антон Уткин, Софья Балакина, Карлыгаш Еженова, Толкун Умаралиев.

Кыргызстандагы Интерньюс экология
көйгөлөрүнө чоң көңүл бурат
БИЗ:

- иш-чаранын программасын басып чыгарбайбыз;

- бейджиктерди жана таркатма материалдарды бербейбиз;

- бирколдонмо пластиктерди колдонбойбуз;

- сууну диспенсерден гана беребиз.

Өзүңөр менен кошо ала келе
турган нерселер:

- көп колдонулуучу бөтөлкө/идиш;
- QR-код аркылуу программаны жүктөп алганга смартфон;
- ноутбук.

“Медиа топтоо” форумунун экологияны урматтагандыгынын көрсөткүчтөрү:

  • Бак-дарактарды сактап калабыз. 3 000 барак кагаз таштандыга кетпейт.
  • Ресурсту сактайбыз. Өзүңөр менен көп колдонулуучу бөтөлкөнү ала келсеңер 2 000 пластик бөтөлкөлөрү таштандыга ташталбайт!
“Умтулуу” сынагы

«Умтулуу» – Интерньюстун демилгеси менен Кыргызстандын кесипкөй журналистикасы тармагында жылда өткөрүлүп туруучу сынак.

Номинациялар:

  1. Бийлик жана коом.

  2. Балалыкты коргоо.

  3. Тынчтык жана ынтымак.

  4. Маданият жана агартуу.

  5. Жардам берүү мезгили.

  6. Аракетчил адам.

  7. Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин алкоосу
    (сынактын атайын номинациясы).


“Умтулуу-2019” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу
аземи 28-апрелде саат 17:30дө “Асанбай-борборунда” өтөт.

КӨРГӨЗМӨ

“Медиа топтоо” форумда кесиптик аудио-визуалдык жабдыктардын жана заманбап технологияларынын көргөзмөсү өтөт.

Өндүрүүчүлөр:

- SONY

- Panasonic

- TvU

- STREAM Labs

- TRACT

- OPLAN software

ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР:

Panasonic, Стрим Лабс, Алатау, Тех Групп, TeleTOR (Россия), SONY,
LiveU, Qligent, Cinegy, ТРАКТ

Samsung – көргөзмөнүн катышуучусу жана форумдун өнөктөшү.

Биздин өнөктөштөр
Кантип барса болот
Форумга катышуу үчүн MENTIMETER тиркемесин жүктөп алыңыздар.
Интерактивдүү сессиялардын болушу күтүлөт!